Казакстан менен Беларустан эки миңдей автобус алууну көздөп жатабыз. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коомдук Биринчи каналга берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Казакстандан алынган автобустар 7 пайыздык кредит менен алынат.
"Буйруса эмки жылы биздин тургундарды экологиялык жактан таза, электробус же газ менен жүрүүчү автобустар ташый баштайт.
Мэрия менен биргеликте сатып алабыз",- деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн