Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга кол койду

13.08.2022 19:53
535
Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга кол койду

 


 

Кыргыз Республикасынын Президенти «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.


Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын укуктук статусун, максатын жана негизги милдеттерин, ишин уюштуруунун тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.


Мыйзам башка нерселер менен бирге төмөнкүлөрдү камтыйт:


— Улуттук банктын милдеттүү резервдеринин эсебинен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уставдык капиталын көбөйтүү;


— Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган компанияларына Улуттук банк тарабынан насыяларды/займдарды берүү мүмкүнчүлүгү;


— Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун аткаруу үчүн Улуттук банктын функционалдык, уюштуруучулук жана финансылык өз алдынчалыгы жөнүндө жоболор такталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн