1-январдан тартып контрабанда жолу менен биздин өлкөгө келген товарларды сатып алуудан толугу менен баш тартылат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкулоо учурунда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам долбоорунун коомдук угуусу өтүүдө.
Жыйында Акылбек Жапаров жыл башынан бери мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 5-6 млрд сомду түзгөнүн, бул каражатты ата мекендик ишканаларга жумшаса болорун белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн