Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жапаров: Кыргызстан туруктуу өнүгүү жаатындагы эл аралык күн тартипти ишке ашырууну жактайт

16.06.2022 13:51
753
Жапаров: Кыргызстан туруктуу өнүгүү жаатындагы эл аралык күн тартипти ишке ашырууну жактайт

Кыргызстан туруктуу өнүгүү жаатындагы эл аралык күн тартипти ишке ашырууну жактайт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарында өтүп жаткан «COVIDден тышкары – Борбордук Азиядагы адилеттүү калыбына келтирүүгө карай жол» Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча экинчи аймактык саммитте билдирди.


Министрлер кабинетинин башчысы Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун жүрүшүн кароо боюнча аймактык форуму өз учурунда өтүп жаткандыгын белгиледи.


«Коронавирустук инфекция пандемиясынан жана анын социалдык-экономикалык терс кесепеттеринен улам биз Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу графигинен артта калып жатабыз. Биз жалпы күч-аракеттер менен эмдөө чаралары аркылуу коронавирус коркунучун токтотуп, жарандарыбыздын өмүрүн жана ден соолугун коргоп жаткандыгыбыз кубандырат. Учурда биздин жалпы максатыбыз – Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жамааттык түрдө алга жылуу жана жетишилген натыйжаларды бекемдөө. Кыргызстан туруктуу өнүгүү жаатындагы эл аралык күн тартибин ишке ашырууга умтулат жана “эч кимди артта калтырбоо” глобалдык милдеттенмесин карманат. Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары мамлекеттик саясаттын чараларында камтылган жана Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына интеграцияланган. Учурда 232 дүйнөлүк индикатордун 140ы боюнча улуттук аналогдор иштелип чыкты», - деди Акылбек Жапаров.


Ал кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын июнь айында БУУ Башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммеддин Кыргызстанга сапарынын алкагында 2023-2027-жылдарга Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча БУУ алкактык программасына кол коюлган, ал Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өлкөбүздүн аракеттерине көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан.


Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча 2020-жылы өткөрүлгөн ыктыярдуу улуттук обзордун жыйынтыгы боюнча, биздин өлкө БУУ тарабынан белгиленген бардык көрсөткүчтөрдүн 50% на жетишкен.


Акылбек Жапаров белгилегендей, максаттарга жетүүдөгү улуттук артыкчылыктарды аныктоо менен Кыргыз Республикасы биздин уникалдуу тоолуу жаратылышыбызга климаттын өзгөрүшүнүн тийгизген терс таасирине өзгөчө көңүл бурат. Өткөн жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттарында, Кунминдеги Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча БУУ Конвенциясынын Тараптарынын Конференциясынын он бешинчи сессиясында жана Глазгодогу Климат саммитинде Кыргызстан дүйнө коомчулугуна климаттын өзгөрүшүнүн тоо мөңгүлөрүнө жана биологиялык ар түрдүүлүккө зыяндуу таасири тууралуу маалымат берген.


Министрлер кабинетинин төрагасы эл аралык өнөктөштөрдү Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн биздин республиканын жана тоолуу өлкөлөрдүн аракеттерин колдоого чакырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн