Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров: Кумтөрдүн мамлекетке кайтарылышы эгемендүү Кыргызстандын тарыхын экиге бөлдү

28.12.2022 17:01
327
Жапаров: Кумтөрдүн мамлекетке кайтарылышы эгемендүү Кыргызстандын тарыхын экиге бөлдү

Кумтөрдүн мамлекетке кайтарылышы эгемендүү Кыргызстандын тарыхын экиге бөлдү. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.


"2022-жылы эң маанилүү иштердин бири болуп Кумтөрдүн мамлекетке кайтарылышы болду.

Кумтөрдү мамлекетке кайтарууда биз ички жана сырткы душмандарыбызды, ошондой эле Кумтөрдү кайтарып алсак сотто жеңилип калабыз деген комплекстерди да жеңдик.

Айрымдар бизге ишенбей келген, жада калса, Кумтөр өлкөгө кайтарылбай калсын дегендерди жеңдик.


Алтын кенди кайтарып алуу эгемендүү Кыргызстандын тарыхын экиге бөлдү десем жаңылбайм",- деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн