Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:24
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жапаров: Менин атымды колдонуп мыйзамсыз иштерди жасагандарды камагыла

13.01.2021 16:28
630
Жапаров: Менин атымды колдонуп мыйзамсыз иштерди жасагандарды камагыла


Менин атымды колдонуп мыйзамсыз иштерди жасагандарды дароо камакка алгыла. Мындай пикирин президенттик шайлоодон жеңген Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.


"Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат. 

Урматтуу кыргызстандыктар! 

Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери! 

Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!",- деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн