Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:05
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жапаров: Мунапыска өз ыктыяры менен катышкандарга – берген убадалар аткарылат

23.10.2020 16:33
474
Жапаров: Мунапыска өз ыктыяры менен катышкандарга – берген убадалар аткарылат

Мунапыска өз ыктыяры менен катышкандарга – берген убадалар аткарылат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда билдирди. 


Анын айтымында, экономикада инвестициянын ролу өзгөчө мааниге ээ.Стабилдүү экономика, бизнестин туруктуу жана ачык иштеши – өлкөбүздүн жаркын келечегинин ачкычы. Тагыраак айтканда, инвестиция: 

- социалдык-экономикалык өнүгүүлөргө негиз болот,

- өлкөгө жаңы технологияларды алып келүү менен заманбап башкаруучулук тажрыйбаны камсыз кылат, 

- жаңы жумуш орундарын түзөт, 

- инвестициялар аймактардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт,

- өлкөнүн экспорттук кубаттуулугун жогорулатат.         

"Учурда мамлекетибиз масштабдуу өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Ошондуктан инвесторлорду, ишкерлерди, айрыкча чакан жана орто бизнести колдоо, алардын мыйзамдуу укуктарын жана мүлкүн коргоо максатында  аткарыла турган иштерге токтолсом.

Биринчиден – өзүңөр билгендей, бул аптада мен расмий түрдө экономикалык мунапыс жарыяладым. Мунапыска өз ыктыяры менен катышкандарга – берген убадалар аткарылат. Экинчиден: ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер токтотулат. Бүгүнкү күндүн башкы милдети – ишкерлерди колдоо, коргоо жана инвесторлордун ишенимин кайтаруу", - деди Садыр Жапаров. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн