Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жапаров-Ташиев достугунан курулган бийлик элдин үмүтүн жандырып турат

24.12.2020 14:33
724
Жапаров-Ташиев достугунан курулган бийлик элдин үмүтүн жандырып турат

Октябрь тополоңунан кийин мамлекет башына келген жаңы бийлик учурда калың элдин үмүт отун жандырып турат. Албетте, түрдүү сын-пикирлер айтылып, түрдүү бут тосуулар да жасалууда. Бирок, эки айдан бир аз ашыгыраак убакыттан бери жасалган иш-аракеттер жаңы бийликтин чечкиндүү кадамдарга барала турганын көргөзө алды.


Адегенде эле акыркы бир нече жылдан бери карай Кыргызстанда коррупциянын символу катары көрсөтүлүп келаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-октябрда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган болчу. Ошол эле күнү ал соттун чечими менен тергөө менен кызматташууга даяр экендигин билдирген макулдугу, эч жакка чыкпоо тууралуу тил каты менен бошотулган. Анан дагы ал эч кандай соттун иликтөөсү бололекте эле мамлекеттин эсебине 2 миллиард сом өлчөмүндө каражат төлөп берүүнү убадалаганы айтылган.


Ошол айтылган убада аткарылганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп билдирди. «Райымбек Матраимов ушул күнгө чейин мамлекетке 2 млрд сом төктү. Анын 1 млрд 400 млн сому акча түрүндө, калган 600 млн сому мүлк түрүндө алынды. Анын баары мамлекеттин эсебине өтөт. Бир соода борбору, тогуз квартира. Тогуз квартиранын ичинен бирөөнүн аянты чоң, ал социалдык обьектке айланат. Калганы УКМК кызматкерлерине берилет», - деди Ташиев. Анын айтымында Матраимовдун иши боюнча иликтөөлөр мындан ары да уланат. Башкача айтканда, «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 млн доллар боюнча да иликтөөлөр болот.


Мындан тышкары 22-октябрда «Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев борбор калаабыздагы спорт клубдардын биринен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал тергөө иштери аяктаганча камакка алынганы да белгилүү. Мунун өзү «Садыр Жапаровдун криминалдык чөйрө менен катыштыгы бар» деп айтылып келген имиш кептердин жалган экендигин ырастады. Айрым маалымат каражаттары Көлбаевдин кармалышын «театрлаштырылган» деп да сындашты. Бирок, кримдүйнө «театрлаштырылган» сценарий менен иштешүүгө барышы күмөн болсо керек. Анын үстүнө Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар делген Кылычбек Саркарбаев да УКМК тарабынан кармалды. Анын жасалма документ жасоого айыпталганы да айтылды.


Камчыбек Ташиев УКМК төрагалыгына келгенден бери карай эми өлкөбүздө криминалдар жана коррупционерлер ээн-эркин жүрө алышпай турганын айтып келатат. Ал эми Садыр Жапаров президенттик шайлоодон кийин мамлекеттик кызматтарга кадрлар конкурстук негизде гана дайындала турганын убада кылууда. Мурдагыдай тааныш-билиштик, жердешчилик, тууганчылык жолдор менен жогорку кызматтарды ээлөө жокко чыгарылат. Анан дагы Нарын облусундагы «Жетим-Тоо» темир кени эч кандай чет мамлекеттик компаниялардын тиешеси жок, Кыргызстандын өзүнүн гана күчү менен ишке кире турганы айтылууда. Аталган темир кени дүйнөдөгү эң ири кендердин бири экени белгилүү. Анданы кендин запасы жүздөгөн жылдарга жетет. Демек, аталган кен мамлекетибиздин жеке өзүнүн күчү менен ишке кирсе, ал өлкөбүздүн өнүгүүсүн толук камсыздай алат деп ишенүүгө болот. Азырынча, Жапаров-Ташиев достугунан курулган бийлик эл ишенимин улам бекемдеп келатат. Келечекте да ошол нугунан жазбаса, анда элдин тандоосу туура жасалган болот эле.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Коробуз