Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жапаров: Тимур Файзиев "Асман" шаарынын планын өзүнүн акчасына жасатып жатат

15.02.2022 12:22
914
Жапаров: Тимур Файзиев "Асман" шаарынын планын өзүнүн акчасына жасатып жатат

Тимур Файзиев буга чейин дагы курулуш тармагында мыкты иштерди жасап келген. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Тимур Файзиевдин кылмыш ишин укук коргоо органдары гана айтат.


"Мен анын кылмыш иши тууралуу айта албайм. Аны соттор, укук коргоо органдары айтат.

Ал эми "Асман" шаарын курууда Тимур Файзиев зор салым кошуп жатат. Азыркы учурда шаардын генералдык планын өзүнүн акчасына 1 миллион долларга архитекторлорду жалдап иштетип жатат.

Экологияга зыян тийгизбесе шаарды куруу максатын колдойм. Азырынча Файзиевге убакыт берели",- деди Акылбек Жапаров.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн