Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:32
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жапаров, Токаев жана Мирзиёев Ысык-Көлдө этномаданий туризм менен таанышты

20.07.2022 22:34
561
Жапаров, Токаев жана Мирзиёев Ысык-Көлдө этномаданий туризм менен таанышты


Президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Nomad» этнокомплексинде Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Этнокомплекске келген өлкө башчыларын алп баатырлар менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Андан кийин Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, анда боз үйлөрдүн ички жасалгасы аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарын көрүп, кол өнөрчүлөрдүн: улуттук музыкалык аспаптарды, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларын кыдырып чыгышты.

Мамлекет башчыларына ошондой эле салбуурун элементтери камтылган салттуу аңчылык, кыз куумай, андан сырткары каскадёрлордун катышуусундагы оюн-зооктор көрсөтүлдү, андан соң бейформал сый тамакка киришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн