Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:50
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жапаров Түркия парламентинин төрагасы Шентоп менен жолугушту

10.06.2021 18:23
1364
Жапаров Түркия парламентинин төрагасы Шентоп менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жана парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгонун канааттануу менен белгилеп, анын жыйынтыгында бир катар келишимдерге жетишилгенин, аларды ишке ашырууда Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын колдоосу маанилүү экенин айтты.

Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы ишенимди жогорулатууга зор салым кошуп жаткан парламенттер аралык кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады.

Ошондой эле Президент Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) алкагындагы кызматташтыкка оң пикирин билдирди. Садыр Жапаровдун айтымында, ТүркПА түрк мамлекеттеринин ортосундагы алакаларды өркүндөтүү үчүн бирдиктүү мейкиндикти түзө турган фундаменталдык институт болушу керек.

Соода-экономикалык өз ара мамилелерге токтолгон президент Садыр Жапаров Түркия рыногунда кыргыз продукцияларын көбөйтүү, өнөр жай тармагында кызматташууну кеңейтүү, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү, айыл чарба, текстиль, тоо-кен жана гидроэнергетика тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз өлкөсүнүн өсүп-өнүгүшүн каалады.

Ал эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы сүйлөшүүлөр жетишилген келишимдердин алкагында кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Мустафа Шентоп Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуялар маалында каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тиледи.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Түркия менен Кыргызстан бир тууган өлкөлөр экенин, аларды жалпы маданият менен тили бириктирип турарын баса белгиледи.

Эки мамлекет эки тараптуу кызматташтыгын бардык багыттарда, анын ичинде парламенттердин ортосунда да бири-бирин колдоп келет.

Ал түрк тараптын соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүүгө, колдо бар потенциалды эске алуу менен эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Түркия тарап билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду андан ары өнүктүрүү, илгерилетүү ниетинде. Анын ичинде расмий ачылышы пландаштырылып жаткан эки өлкө ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы ири долбоорлордун бири болгон Бишкектеги кыргыз-түрк достугунун мамлекеттик ооруканасы бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн