Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:07
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жапаров Түркиядагы өрт кырсыгына байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

02.08.2021 10:49
546
Жапаров Түркиядагы өрт кырсыгына байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясындагы адам өмүрлөрүн алган, оор кесепеттерге алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


«Түркиянын бир нече провинциясында чыккан өрттүн себебинен каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде Түркия элине табигый кырсыктын кесепеттерин жеңип чыгууда кайраттуулукту жана туруктуулукту каалайм.


Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам, ошондой эле бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн