Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров Улуттук банктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

11.03.2022 16:21
809
Жапаров Улуттук банктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Министрлер кабинетинин төрагасы Улуттук банктын жамаатын юбилейи менен куттуктап, финансы-кредиттик мекеменин кызматкерлеринин өз ишин берилгендик менен аткаруусу өлкөнүн финансы рыногунун ырааттуу өнүгүү процессин сактоого олуттуу салым кошкондугун белгиледи.


Акылбек Жапаров кошумчалагандай, 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, финансы рыногун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири болуп саналат.


«Бул - фондулук рыноктогу процесстерди жана кызматтарды санариптештирүү, финансылык маркетплейсти ишке киргизүү, мамлекеттик банктарды кошумча капиталдаштыруу, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү жаатында актуалдуу саналган санариптик сомду тестирлөө», - деди Акылбек Жапаров.


Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, учурда орун алган геосаясий абалда тышкы финансылык рыноктордо Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык өнөктөштөрү саналган өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун жогорку туруксуздугу байкалууда.


«Улуттук банктын алдында тийиштүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо боюнча жооптуу милдет турат. Бул жагдай Улуттук банктын улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, финансы-банк тутумунун туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле калктын финансылык институттарга болгон ишенимин сактоо боюнча ишти уланта турган финансылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров жана банктын ар бир кызматкеринин аталган ишти аткаруудагы жоопкерчилигин белгиледи.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн