Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландияга жаңы дайындалган элчини кабыл алды

31.03.2022 19:11
790
Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландияга жаңы дайындалган элчини кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына дипломатиялык миссиясын аткаруу үчүн жөнөп жаткан Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Жусуповду кабыл алды.


Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, биздин республика дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын жана Королева Елизавета II таажы кийишинин 70 жылдык юбилейин утурлай кыргыз-британ эки тараптуу мамилелеринин ырааттуу өнүгүшүнө өзгөчө маани берет.


«Дипломатиялык чөйрөдө сиздин чоң тажрыйбаңыз жана тийиштүү кесипкөй жөндөмүңүз бар. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан Бириккен Корролдуктагы дипломатиялык миссиянын алдына коюлган милдеттер өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарыла тургандыгына ишенем. Финансы-банк секторунда байланыштар тармагын активдештирүү маселесине өзгөчө көңүл буруу керек. Элчиликтин ишинин маанилүү бөлүгү катары маданий-агартуу тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо саналышы керек», – деди Акылбек Жапаров.  


Министрлер кабинетинин башчысы дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттар боюнча бир катар тапшырмаларды берип, Улан Жусуповго ишиндеги ийгиликтерди жана элчиликтин алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууда жетишкендиктерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн