Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жапаров: Вакцинаны бекер алган жокпуз

23.07.2021 14:09
590
Жапаров: Вакцинаны бекер алган жокпуз

Бүгүн, 23-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкектеги соода борборлордун биринде коронавируска каршы вакцина алды. Анда ал вакцина тууралуу тарап жаткан маалыматтарга элди ишенбөөгө чакырды.


"Вакцинаны Кытай тарап бекер бериптир, 70 пайыз эмдөөдөн өтпөсө мамиле кылбайбыз деп жатыптыр" деген жалган маалыматтар тарап жатат. Буга ишенбеңиздер! Эч ким вакцинаны бекер берген жок. Биз кызылдай акчага, мамлекеттин, элдин акчасына сатып алдык. Миллиондон ашык вакцинаны сатып алдык, ал эми 300 миң вакцинаны Кытай өлкөсү жардам катары берди. Албетте, биз ыраазычылык айтышыбыз керек. Андан тышкары Орусиядан 20 миңден ашык вакцинаны сатып алдык. Ар бир адам вакцинаны алгыла", - деди Жапаров.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн