Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жапаров, Жээнбеков, Отунбаева "Ата-Бейитке" барды

07.11.2020 13:06
1860
Жапаров, Жээнбеков, Отунбаева "Ата-Бейитке" барды

Бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу премьер-министр Садыр Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева, спикер Талант Мамытов, президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.


Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. Аларга багышталып куран окулду.

Садыр Жапаров Бүбүйра Кыдыралиеванын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Болот Абдрахмановдун жана археолог Михаил Москалевдун эрдигин, алардын аракетинин аркасында Чоң-Таш айылына жакын жерде репрессияланган 138 адамдын жашыруун жана массалык түрдө көмүлгөндүгү коомчулукка маалым болгонун белгилеген.

Эскерүү иш-чаралары «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейинде жыйынтыкталды.
https://www.super.kg/kabar/news/331927


https://www.super.kg/kabar/news/331927/

https://www.super.kg/kabar/news/331927/

https://www.super.kg/kabar/news/331927/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн