Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерге айлык бербөөнү сунуштады

25.06.2021 12:48
3636
Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерге айлык бербөөнү сунуштады


Вакцина албагандарга айлык бербеш керек. Мындай сунушун экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирди.


Анын айтымында, азыр мамлекеттин бюджетинен 300 миңден ашык кызматкерлер айлык алып иштешет.


"Вакциналоо боюнча чара көрбөсөк болбой калды. Эч ким сөздү укпай, өз билгенин жасап жатат. Статистика менен иши да жок",- деди министр.


Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус дагы 875 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Темир
Акылбек Жапаров Таласка барып кайра баягы жебей калган таягын жеп келбесе болбой калды окшойт.