Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жапаров кагаз көтөргөн аткаминерлерди планшет колдонууга чакырды

14.07.2022 15:23
523
Жапаров кагаз көтөргөн аткаминерлерди планшет колдонууга чакырды


Президент Садыр Жапаров кагаз көтөрүп жүргөн аткаминерлерди сындап, планшет колдонууга чакырды.


Министрлер кабинетинин жыйынында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Зарлык Тургунбаев муниципалдык кызматкерлерди жумушка алууда компьютердик тестирлөөнү жөнөкөйлөштүрүүнү суранды.


"Биз, тескерисинче, оорлотолу, компьютер, планшет колдонолу деп жатабыз. Сиз жеңилдетүүнү суранып атасыз. Мына алдыңарда тонналаган кагаз жатат, калем, блокнотту колдоносуңар. Мына, менин алдымда эч нерсе жок, бир да калем, кагаз, блокнот колдонбойм. Мунун ичине баары батат. Тескерисинче, компьютерге өткүлө да", — деди президент.


Ошондой эле ал "1-июлдан баштап кагаз алып бербейбиз" деген милдет коюлганын, бирок көпчүлүк министрликтер, агенттиктер, борбордук органдар бүгүнкү күнгө чейин электрондук өкмөткө өтө албай жатканын белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн