Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жапаров кимдин чөнтөгүнө 55,2 миллион доллар түшкөнүн айтты

17.05.2021 12:14
2670
Жапаров кимдин чөнтөгүнө 55,2 миллион доллар түшкөнүн айтты


Бүгүн, 17-майда Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин кезексиз жыйынында Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету менен сөз сүйлөдү.


«2003-жылы«Кыргызалтын» Ригадагы Айдар Акаевге таандык компаниянын эсебине 11 миллион долларды мыйзамсыз которгон. Андан кийин 3 миллион акция кошумча чыгарылып, бул акция Австралияда негизделген Central Asia Gold компаниясына сатылган, бул 44,2 миллион доллар. Жыйынтыгында 55,2 миллион доллар бирөөнүн чөнтөгүнө түшкөн», - деди Акылбек Жапаров.


Кийинчерээк, Central Asia Gold 2003-жылы Кыргызстанда дагы пайда болгон.


«Алар Талды-Булак Левобережный жана Лысый кендерин ээлеп алышкан. Бул компания Айдар Акаев менен байланышта болгон», - деди ал.


Анын айтымында, 30 жылдан бери мамлекеттик бийлик органдары Кумтөрдүн кызыкчылыгын жана позициясын коргоп келишкен.


«Мунун себеби эмнеде экендигин түшүнө алабыз. Коомчулукта бийликте сабатсыз адамдар болгон деп эсептешет, бирок алар тескерисинче, сабаттуу жана билимдүү адамдар эле. Академик Аскар Акаев кол койгон реструктуризация боюнча келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет, ал билимдүү жана иш билги адам болгон», - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн