Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 19:21
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эмнени талкуулады?

30.12.2021 14:49
1089
Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эмнени талкуулады?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.


Телефондук сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров Михаил Мишустинди келе жаткан Жаңы жылы жана Рождество майрамы менен куттуктады. 


Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, өтүп бара жаткан жыл кыргыз-орус мамилелери үчүн жемиштүү жана эки өлкө үчүн маанилүү окуяларга жана саясий байланыштарга бай жылдардан болду. 


Пикир алышуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн