Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жапаров менен Пашинян кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

19.11.2021 13:08
931
Жапаров менен Пашинян кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров жана Никол Пашинян өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. 


Тараптар кыргыз-армян экономикалык байланыштарын жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз ара аракеттенүүлөрдү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 


Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөлөр ортосунда ишке ашырыла элек чон мүмкүнчүлүктөр бар. 


Пикир алышууда экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жолдору талкууланды. Эки өлкөнүн экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин маанилүүлүгү белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн