Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 11:25
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Жапаров: "Кумтөр" Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү

12.05.2021 16:14
736
Жапаров: "Кумтөр"  Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү

Канаданын  «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров айтты.


Анын ичинде, 3 млрд 86 млн доллары экологиялык зыян, салык төлөмү — 1 млрд 166, 5 млн доллар. Мындан тышкары, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия өлкө бюджетине 106 тонна алтынды кайтарды.


«Кендеги запастар Кыргызстандын менчиги экенин тастыктаган мыйзам долбоору жакынкы убакта кабыл алынарынан үмүт кылам. Буга чейин президенттер, өкмөт башчылар Кумтөрдөгү, Жерүйдөгү жана башка кендердеги алтынды сатып келишкен.  Депутаттар тарабынан түзүлгөн мамлекеттик комиссия биринчи жолу АКШнын «Кумтөр Голд» ишканасын Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар доого жыкты. Буга кошумча мамлекеттин менчигине 160 тоннадан ашык алтынды кайтардык. Бул алтынды жакынкы 5-10 жылда казууга болот. 160 тонна алтындын суммасы болжол менен 5 млрд 200 млн сомдон ашык акчаны түзөт. Биздин бул ишканадан өндүрө турган акчанын жыйынтыктоочу суммасы 10 млрд долларга жакын. Биз муну мыйзамдарга ылайык, далилдей алабыз. Биздин адистердин баалоосу боюнча, жыл ичинде техникалык долбоорду жазып, андан кийин алгачкы алтынды каза баштаса болот»,-деди Акылбек Жапаров.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн