Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жапаров тазаланган кремний диоксидинин гранулдарын өндүрүүчү заводдун ишин өнүктүрүүнү тапшырды

15.01.2023 08:33
205
Жапаров тазаланган кремний диоксидинин гранулдарын өндүрүүчү заводдун ишин өнүктүрүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан тазаланган кремний диоксидинин гранулдарын өндүрүүчү заводго барды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Жапаров заводдун иши менен таанышып, өндүрүштүк жайларды жана лабораторияны кыдырып чыкты.


Ишкананын өндүрүш линиясы заманбап станоктор, ошондой эле өзүнүн жеке уникалдуу иштеп чыгуулары менен жабдылган. Мында заманбап технологиялык чечимдер колдонулат.


Заводдун продукциясы чет өлкөлөргө, анын ичинде Кореяга, Германия жана Кытайга экспорттолот.


Жогорку тазалоодон өткөн кремний диоксидинин порошогу электроника, күн энергетикасы, батареяларды өндүрүү, жарык техникасы жана оптика, фармацевтика жана химиялык өнөр жай сыяктуу тармактарда колдонулат.


Министрлер кабинетинин төрагасы «Кыргызиндустрия» ААКга өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу максатында долбоорду каржылоону тапшырды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн