Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жапаров Өзгөндү айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты

06.02.2024 14:24
394
Жапаров Өзгөндү айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинин башчысы бул долбоор «Ош облусунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолду куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» президенттин жарлыгын аткаруунун негизинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, объектти өз мөөнөтүндө бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Учурда Бишкек-Ош жолунда тыгындар көп. Жаңы айланма жол кыймылдын интенсивдүүлүгүн жана жол тыгынын бир топ азайтат, ошондой эле жол коопсуздугун жакшыртат.

Жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт. Долбоор ошондой эле бир нече көпүрөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдү курууну камтыйт. Курулуш иштерин 2024-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөн районундагы Кара-Дарыя дарыясына курулуп жаткан дамбанын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун сметалык баасы 731 млн сомду түзөт. Дамбанын узундугу 4551 м. Курулуш 2024-жылдын март айында бүтүшү күтүлүүдө.

Баш-Дөбө жана Кароол айыл аймактарына жакын жайгашкан бул аймакта заманбап турак жай комплекстерин долбоорлоо пландалууда.

Министрлер кабинетинин башчысы бул комплекстерди куруунун долбоорун сапаттуу даярдоону тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн