Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жапаров жана Путин Жерүйдө Талас алтын руда комбинатын ачышты

17.03.2021 20:47
481
Жапаров жана Путин Жерүйдө Талас алтын руда комбинатын ачышты

Бүгүн Талас облусунда Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Телекөпүрө форматында өткөн иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин катышты.


Өз сөзүндө Жапаров Путинге бүгүнкү иш-чарага жеке өзү катышып жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.


Жапаров алтын кен комбинатынын биргелешип ачылып жатканы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тыгыз өнөктөштүктү жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамилелерди күбөлөп тургандыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн