Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жапаров жарым жылдын жыйынтыгы боюнча эң начар жана эң мыкты иштеген маморгандарды атады (тизме)

20.07.2023 12:04
640
Жапаров жарым жылдын жыйынтыгы боюнча эң начар жана эң мыкты иштеген маморгандарды атады (тизме)


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин жыйынында эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдарды тизмектеди.

Анын айтуусуна караганда, 2023-жылга карата планга 554 иш-чара кирген. 1-июлга карата 92 иш-чаранын аткаруу мөөнөтү келди.

"Ушул 92 иш-чаранын ичинен 71и аткарылды, же 77 %ды түздү. Планды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын алган баалары атайын иштелип чыккан Баалоо методикасы боюнча аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча “эң жакшы” деген баа менен –11 мамлекеттик орган, “жакшы” деген баа менен – 8 маморган, “канааттандырарлык” деген баа менен – 4 маморган жана “канааттандыраарлык эмес” деген баа менен 2өө", - деди ал.

Эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдардын тизмеси:

- “Мыкты” баа алгандар — Саламаттык сактоо, Айыл чарба, Билим берүү, Тышкы иштер, Энергетика министрликтери; облустардан: Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустары жана Бишкек жана Ош мэриясы;

- “Жакшы” деген баа алгандар — Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, Ички иштер министрлиги, президенттин Ысык-Көл жана Чүй облусундагы өкүлчүлүктөрү, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги;

- "Канааттандырарлык" баа алгандар — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги, президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү, Жарандык коргоо агенттиги;

- "Канааттандырарлык эмес" деген баа менен — Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Мамлекеттик курулуш агенттиги.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн