Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапары кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматына таянып АКИпресс агенттиги 6-январда кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш сапар Казакстандагы кырдаалга байланыштуу болбой калды.
Эскерте кетсек, 2-январдан Казакстанда массалык митингдер өтүп, акыркы түндө өлүм менен коштолгон атышуулар болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн