Бугу 03, 2024
Убакыт: 07:37
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жапаровдун СУАРга болгон иш сапарында бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

17.08.2023 09:42
303
Жапаровдун СУАРга болгон иш сапарында бир катар документтерге кол коюлду (тизме)


Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту.


Өкмөттүн маалымат кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлганын маалымдады.


Алар:

1. Электр энергиясын жеткирүү максатында энергетикалык инфраструктураны байланыштыруу ниети жөнүндө меморандум;

2. Пландалган “Бедел” өткөрүү пункту аркылуу өткөн унаа жолдун курулушу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум;

3. Чек аралар аралык электрондук сооданы өнүктүрүү жана жөнөтүлгөн товарларды жүгүртүүнү тездетүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын алакасын кеңейтүү жөнүндө келишим;

4. Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жогорку окуу жайларында Кыргызстандын жарандары билим алуусу үчүн стипендиялык 25 орун бөлүп берүү жөнүндөгү келишим;

5. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен TBEA ортосунда Сары-Жаз каскадынын курулушу боюнча кызматташуу ниети жөнүндөгү меморандум;

6. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен TBEA ортосунда “Кемин-Торугарт” 500 кВ электр өткөргүч линияларынын курулушу боюнча кызматташуу тууралуу меморандумдун долбоору.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн