Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жапаровдун митингин колдогон Каныбек Осмоналиевдин иш жагдайы кандай?

21.05.2020 12:01
909
Жапаровдун митингин колдогон Каныбек Осмоналиевдин иш жагдайы кандай?


Экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо боюнча 2-мартта өткөн митингде модератор болгону үчүн камакка алынган мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевди үй камагына чыгарууну эл өкүлү Зиядин Жамалдинов парламенттин 21-майдагы жыйынында башкы прокурор Өткүрбк Жамшитовдон суранды.

Анын айтымында, Осмоналиев жөн гана модератор болгон. Иш козгоп, камакка алып кеткидей коркунуч деле келтирген эмес. 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун маалыматы боюнча, учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал камакта жалгыз эмес, башка да 5-6 адам жоопко тартылган. Тергөө органдары иштин жагдайына жараша камакка алынсын деген чечим кабыл алган. “Бүгүнкү күндө бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө негиз жок”, - деди башкы прокурор.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн