Кулжа 29, 2024
Убакыт: 11:58
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Жапыкеевдин чакырыктары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

26.05.2020 14:39
1082
Жапыкеевдин чакырыктары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат


Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган арызы боюнча экспертизанын корутундусу даяр болду.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дайындалган.


Соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн