Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жапыкеевдин чакырыктары боюнча тергөө башталды, - ИИМ

12.05.2020 17:20
1122
Жапыкеевдин чакырыктары боюнча тергөө башталды, - ИИМ


Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактагы билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрилигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылып, социалдык түйүндөрдө өзүн мурдагы прокуратура кызматкери деп атаган Сыймык Жапыкеев аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кайрылган.


Анда Жумалиев ага карата Жапыкеев жалган маалыматтарды таратып, анын үй бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун жана ошондой эле анын байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн.


Аталган арыз 7-майда ИИМде 264-берененин 3-бөлүгү (жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен катталып сотко чейинки өндүрүш башталган.


Маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Жапыкеевдин соцтүйүндөрдөгү маалыматтары, видео кайрылуулары толугу менен иликтенип чыккан. Иликтөөлөр көрсөткөндөй С.Жапыкеев К.Жумалиевди ири коррупционер экендигин, ал көптөгөн жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп миллиондогон долларды чапчыган мамлекеттик байлыктарды менчиктеп же уурдап алгандыгын айткан. Ошол эле убакта элдерге чакырык таштап К.Жумалиевдин үйүнө барууну жана мыйзамсыз тапкан байлыктарын кайтарып алууну, андан алынган каражат менен Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөп коёлу деген чакырык таштаган.


Ошондой эле, тергөөнүн жүрүшүндө С.Жапыкеевдин акыркы убактагы бардык сүйлөгөн сөздөрүнө лингвистикалык экспертизалар дайындалган.


Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн