Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Генерал Байзаков: Жапыкеев генерал-майорду алуу менен бул наам “девальвация” болду

15.03.2021 11:19
8905
Генерал Байзаков: Жапыкеев генерал-майорду алуу менен бул наам “девальвация” болду


Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамын ыйгаруу менен бул званиянын баркын түшүрүп жатышат. Мындай пикирди генерал-майор Шейшенбек Байзаков “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Ал белгилегендей, бул өтө бийик наам, ага татыктуу болуш үчүн ошондой эмгек кылып, чоң жолдон өтүш керек. “Мен мисалы, лейтенанттан баштап бардык баскычтарды басып, советтик мерка менен 17 жылда полковникке  жеттим. Кайра толук 17 жыл полковник наамы менен жүрдүм. Бул жылдар аралыгында бир топ окуучуларым полковник болушту. Узак жол басып, көп кызматтарда иштедим. Андан кийин гана генерал-майор наамын алгам. Ал эми Жапекеев кечээ келип, бүгүн генерал-майор болуп алды. Бул наамга көрсөтүү менен ага татыктуулугун карап, макулдук берген тиешелүү органдар мамлекет башчысын уят кылууда", - дейт ал.


Байзаковдун ою боюнча, Жапыкеевге генералдык наамды шашылыш беришти. “Кайсы эмгеги үчүн ыйгарылды?”Финполдо жетекчи болуп 3-4 ай гана иштеген адамга берүү менен жогорку наамды “өтө девальвация” кылып, баркын түшүрүп коюшту. Мен мындай пикирди айтуу менен көптөгөн генералдардын оюн билдире алдым деп ойлойм”, - дейт Шейшенбек Байзаков.

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Тал
Атамбаевтин маалында дагы ички иштер министри генерал болчу, Текебаев такалады го өкмөттүн составын ,министрликтердин санын сурап ,ар бир чин аттестация менен берилиши керек , азыр колун карап эле турушат
Чолпон
Генералдар алган пенсия надбавкаларды азайтыш керек.Солдаттарды дачаларында жана тааныш туугандарына иштетишкен, армиянын ДЕНГЕЛИН тушурушкон.
Тал
Азыр 30жашка чыкпай полковник чинин алгандар толуп атат ,чин дагы кыргызстанда оюнчук болду
Суйун Жумашева.
Туура мурда мындай наамдар 20 -30 жыл иштегендерге татыктуусуна гана берилчу .Азыр болсо кухняда олтуруп алып кыйкырып койгондорго 4 айда 2 ден наамберилип жатат еще не достойный адамдарга кээ бир. Булар аскердик чин менен аскердик наамдардын жана аскердик темирдей тартиптин кадыр баркын кетирип жатышат.
Б. Абдылдаев
Толугу менен колдойм. Кайсы кылган иши үчүн. 2-3 элдин алдына чыгып кыйкырган кишилер генерал деген жогорку наамды ала берсе, анда башкаларга дагы бериш керек. Бул наамды татыктуу алган көптөгөн генералдарды билем. Бирок эң татыксызы Сыймык. Демек ал только жеке кызыкчылыгы үчүн чуркайт деген чын экен. Алыш керек кайра бул наамды бул адамдан.
Салима
Туура айтышты,кечээ келип эле ТОР!!! Меники деш ото позор!! Генерал майорун алган Сыймыкта куноо жок!!Наамды ыйгарган чиновникте куноо!! Кечээ кызмат колуна тийсе эле оз билемдикти кылып каалаганын кылганы жана шалаакылык бул кечиримсиз!!! Кыргыз Элди дурболонго салып,жаштарга берген примеринер ушулбу!! Кошоматчы саткын оз Эл журт сыйлабоого жатат бул корунуш!! Сыймыка баары Бир!!Мактаныш учун алды,ооз басырык, одолжения и требования от него,он только для своего интереса и выгоды,эгоист есть эгоист!!!