13-февраль күнү кечинде болгон жер титирөөдөн улам Жапонияда кеминде 150 адам жабыркады. Бул тууралуу жапон басылмалары жазууда.
Премьер-министр Ёсихидэ Суга элди тынчтанууга жана дайыма өзгөчө кырдаалдарга даяр болууга чакырды. Анын айтымында, күчү 6 баллга жеткен жер титирөө жакында дагы катталышы мүмкүн.
Жапония өзгөчө кырдаалдар министрлиги канча киши каза болгондугу тууралуу маалымат бере элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн