Бишкекте ири жол кырсыгы катталды.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 12-мартта саат 11:30дар чамасында Махатма Ганди көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жаткан КамАЗдын айдоочусу сол тарапка бурулуп бара жатып, ошол эле багытта келе жаткан Kia Morning үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Кагылышуудан кийин КамАЗ каршы тилкеге чыгып, аталган көчө менен түштүк тарапты көздөй бара жаткан Toyota 4Runner, Honda Fit жана скутер менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, скутердин айдоочусу жана анын жүргүнчүсү денесинен ар кандай жаракаттарды алып, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Бул факты Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын электрондук журналына катталып, алдын ала иликтөө иштери башталды.
Тергөөнүн алкагында керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык чечим чыгарылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн