Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жаракатынан каза болгон. Чүйдө 47 жаштагы жаранды бычактаган адам кармалды

Жаракатынан каза болгон. Чүйдө 47 жаштагы жаранды бычактаган адам кармалды



Чүй районунда 47 жаштагы жаранды бычактаган жаран кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдирди.


Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 13 ноябрь күнү Чүй районунун аймактык ооруканасына денесине бычак сайылып жаракат алган Кайырма айылынын тургуну 1975-жылы туулган А.Б. жеткизилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткызылган. Бирок дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабай, алган жаракаты оор болгондуктан, эсине келбей каза болуп калган.


Аталган окуя боюнча Чүй РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасыынн КЖКнин 122-статьясында (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон. 


Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам 2001-жылы туулган У.А. болуп такталып, Кыргыз Республикасынын ЖПкнин 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. 

Кылмыш туугандар арасында болгон уруштун айынан болгондугу аныкталды. Өлгөн адам урушуп жаткан адамдарды арачалайм деп жатып бычак менен жаракат алган. Ал шектүү болуп камалган адамдын жездесинин досу болуп чыкты. 

Тергөө уланып жатат. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн