Бугу 10, 2024
Убакыт: 21:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жарандар коменданттык саатты түшүнүү менен мамиле кыла баштады, - комендант

30.03.2020 11:47
722
Жарандар коменданттык саатты түшүнүү менен мамиле кыла баштады, - комендант


Жарандар коменданттык саатты түшүнүү менен мамиле кыла баштады. Мындай пикирин Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.  


Анын айтуусуна караганда күн өткөн сайын, жарандар коменданттык саатка түшүнүү менен мамиле кылып, эреже бузгандар азайып жатат.  

 

«Ош шаарындагы коменданттык саат убагында 29-март саат 20:00дөн 30-март саат 07:00гө чейинки убакта коменданттык эрежелерди  13 адам бузган. Олуттуу мыйзам бузуучулук катталган жок. Жарандар коменданттык саатты түшүнүү менен мамиле кыла баштады. Бул илдетти тартип, режим, сабырдуулук менен жеңебиз. Коомдук саясий абал туруктуу өттү жана комендатуранын көзөмөлүндө». - деди Нурдинов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн