Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жарандар милициянын көчмө кабылдамасына социалдык, экономикалык көйгөйлөр боюнча кайрылууда

01.12.2020 10:07
593
Жарандар милициянын көчмө кабылдамасына социалдык, экономикалык көйгөйлөр боюнча кайрылууда

2020-жылдын 30-ноябрь күнү Кара-Кулжа райондук милициянын көчмө кабылдамасы атайын түзүлгөн графиктин негизинде райондун алыскы аймактарында тактап айтканда, Чалма айыл аймагынын Буйга айылында, Кеңеш айыл аймагынын Алтын-Күрөк айылында жана Кара-Кулжа айыл аймагынын борбордук соода базарында, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана "COVID-19" илдетинин жайылуусун алдын алуу багытында жергиликтүү элдерге  алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. 


Милициянын мобилдик кезметтери көчөлөрдө жана коомдук жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөөлөрүн уюштуруу, бардык маселелер боюнча ИИОнун имаратынан алыскы айылдарда жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн арналган.


Жалпысынан милициянын көчмө кабылдамасына бир күн ичинде суу, жер, электр тармактарынын ишмердүүлүгү  боюнча 6 арыз түштү. 


 Азыркы күндө жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациясына сунуштар жиберилүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн