Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Сот отурумдары тууралуу үйдөн чыкпай маалымат алса болот

30.03.2020 13:02
789
Сот отурумдары тууралуу үйдөн чыкпай маалымат алса болот


Жарандар соттук отурумдар тууралуу үйдөн чыкпай маалымат ала алат.  Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу айрым соттор 2020-жылдын 30-мартынан 3-апрелге чейин ишин токтоткон. Бирок соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлери кезектешүү менен иш алып барышууда. 

 

"Бардык жарандарды дайындалган иштердин графиги менен таанышуу үчүн үйдөн чыкпастан, соттордун канцелярийлерине телефон чалып билүүгө чакырабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.  


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда дайындалган иштер туурасында төмөндөгү телефондор аркылуу билсе болот: 0 312 66-35-01 (жазык иштери боюнча), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер боюнча) жана 0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29 (жарандык иштер боюнча).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн