Сталбек Шаршеев Жарандык Авиация агенттингинин жетекчиси болуп дайындалды. Буйрукка 13-ноябрь күнү Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу транспорт министрилигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн министр Бакыт Бердалиев Шаршеевди эмгек жамаатына тааныштырды. Жарандык Авиация агенттигине бир топ тез арада чечилүүсү зарыл болгон талаптар коюлду. Бул тармак коронавирус пандемиясынан эң көп зыян тарткан тармактардын бири.
Буга чейин агенттикти Курманбек Акышев жетектеп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн