Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Жарандык абалдын актыларын каттоо жол-жоболору оптималдаштырылды

05.08.2020 13:42
1063
Жарандык абалдын актыларын каттоо жол-жоболору оптималдаштырылды

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» жана «Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдарына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты жарандык абалдын актыларын каттоо жол-жоболорун оптималдыштууру болуп саналат.

Маалыматтык технологиялардын өнүгүү темпинин тездешине байланыштуу маалыматтык жана коммуникациялык автоматташтырылган тутумдарды колдонуу менен жарандык абалдын актыларын каттоо тутуму иштелип чыгууда.

Кабыл алынган мыйзамда жарандык абалдын актыларын каттоо жүргүзүүнүн эрежелерин кабыл алуунун кыйла кеңири тартиби КР Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет деп каралган.

 «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзам менен «Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы бирдиктүү пакет менен кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдан кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн