Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жарандык коом Жапаров менен Рахмонго кайрылуу жолдоду

02.05.2021 16:11
856
Жарандык коом Жапаров менен Рахмонго кайрылуу жолдоду


Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коому эки өлкөнүн президенттер Жапаров менен Рахмонго чек ара боюнча кайрылуу жолдоду. Төмөндө кайрылуунун текстин өзгөртүүсүз беребиз:


«Тажикстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Президенттерине


Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кайрылуусу


Биз, канатташ эки республиканын жарандык коомунун өкүлдөрү, сиздерге өзүбүздүн ойлорубуз менен изги тилектерибизди жеткире алабыз деген үмүт менен кайрылып жатабыз. Күч- аракетибизди бириктирсек, учурдагы өтө оор кырдаалдан чыгуунун тынч жана алгылыктуу жолдорун таба аларыбызга ишенебиз.


Биздин эки элдин тарыхы, дини бир, кылымдар бою ынтымакта эриш-аркак жашап, басып өткөн жолубуз бир. Улуу Ата мекендик согуштун азап-тозогун чогуу баштан кечиргенбиз, бирдиктүү совет мамлекетинин кыйроосунан кийинки оор сыноолорду да чогуу тартып келебиз. 1992-1997-жылдары Тажикстанда болгон жарандык согушту токтотуп, анын кесепеттерин жоюуда да тыгыз кызматташып иштегенбиз. Мына бүгүн эки өлкөнүн теӊ аймагында көптөгөн этникалык тажиктер менен этникалык кыргыздар жашап жатат.


Тарыхый басып өткөн жолубуз эле эмес, азыр, ушул жерибизде эриш-аркак иштешип аныктап жаткан келечегибиз да бир.


Ошондуктан азыр биздин өлкөлөрдүн жетекчилери жана баш колбашчылары, Конституциянын жана адам укуктарынын сакталышынын кепилдери катары сиздерге кайрылып турабыз.


Буга байланыштуу согуштук жана агрессиялык иш-аракеттердин баарын дароо токтотууга чакырабыз. Биринчи кезекте Согди жана Баткен облустарынын калкы азапка кабылып, жай турмуштагы адамдар жана аскер кызматчылары, алардын ичинен кыска мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган жаш жигиттер курман болуп жатат. Создугуп бараткан аскердик чыр-чатак эки өлкөнүн теӊ ичиндеги кырдаалды курчутуп жатат, жек көрүүчүлүккө жана кастыкка тукургандардын чырагына май тамызууда. Согуштук иш- аракеттерге карапайым калктын улам көбүрөөк тартылып кетиши да ыктымал.


Бул чырдын төмөнкүдөй кесепеттерин көӊүл буруп, аларды жөнгө салуу үчүн бир катар чараларды көрүӊүздөр деп чакырабыз:


Сиздер адамдын жашоого болгон эӊ башкы укугун камсыздоого милдеттүүсүздөр. Адам укуктары менен эркиндиктеринин кепили катары сүйлөшүү процессинин туура нукта жүрүшү жана эки өлкөнүн ортосундагы чегара маселелерин жөнгө салууга таасир тийгизер натыйжасы үчүн жоопкерчиликти толугу менен өзүӊүздөргө алыӊыздар деп чакырабыз.

Соӊку кайгылуу окуялар биздин өз ара алакабыздын тарыхында биринчи жолу кошуначылык жана достук мамилелерге доо кетирди; мунун кесепети узак жылдар бою сезилип турушу ыктымал. Мамлекеттик чегараларды аныктоо жана белгилөө маселелерин сүйлөшүү жолу менен гана чечип, мындан ары эч качан күч колдонбоого чакырабыз.

Тилекке каршы, сүйлөшүүлөр купуя жүрүп, чегара аймагындагы кырдаал тууралуу анык маалымат элге жеткирилбей жаткан азыркы чакта, жагдайды Кыргыз Республикасындагы жана Тажикстан Республикасындагы жарандар бири-бирине каршы экстремисттик жана агрессиячыл маанайда башаламан чагылдырып жаткан кезде, чыр-чатак ого бетер ырбап кетиши ыктымал. Андыктан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалыматты өз убагында берип турууга чакырабыз.

Согуштук чыр-чатакка жарандык калктын тартылуусун кечиктирбей токтотуу үчүн тийиштүү чараларды көрүӊүздөр деп чакырабыз.

Эк өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүү комиссияларынын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү, мунун ичинен аялдар да киргизилиши керек. Биз татыктуу талапкерлерди сунуштап, талаш маселелердин тынч жол менен чечилишине салым кошууга даярбыз.

Азыркы санарип доорунда чындыкка туура келген маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөө жана камсыздап туруу улам барган сайын кыйын болууда. Калкка калыс жана текшерилген маалыматты салттуу да, социалдык тармактар менен азыркы кеӊири жайылган мобилдик тиркемелер аркылуу да өз убагында жеткирип туруу өтө зарыл. Биздин эки өлкөнүн маалымат мейкиндигинде ачык-айкындыкты жана жеткиликтүүлүк үчүн бардык шарттарды түзүүнү сиздерден өтүнөбүз. Жарандык коом тарабынан факт текшергичтер жалган кабарларды төгүндөп туруу багытында азыр деле иштеп жатышат. Алар менен мамлекеттик органдардын тыгыз кызматташуусуна өбөлгө түзүӊүздөр деп чакырабыз.

Биз чегарадагы кагылышуудан жабыр тарткандарга жардам уюштурууда жарандык коомдун институттарына жана активисттерине мамлекеттик органдардын көмөктөшүүсү үчүн колдоо көрүүӊүздөрдү өтүнөбүз.

Ушундай оор күндөрдө эки өлкөдөгү кырдаалды татаалдаштырып жибербеш үчүн, кан төгүүгө жол бербей, чегарадагы жагдайды кыска мөөнөт ичинде жөнгө салуу жана андан ары тынчтыкты бекемдөө максатында бардык прогрессивдүү күчтөр биригиши зарыл.


Биз, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жарандык коомунун өкүлдөрү, ушул кыйын кезеӊде өз салымыбызды кошуп жатабыз. Жогоруда айткан сунуштарыбызды сиздер жакын арада карап чыгасыздар жана биз эки өлкөнүн жана канатташ эки элдин тынч, алгылыктуу жол менен өнүгүшү үчүн биргелешип иштейбиз деп үмүт кылабыз. Сиздерди тереӊ урматтап,


Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын жарандык коомунун 2021-жылы 30-апрелде өткөн онлайн кездешүүгө катышкан өкүлдөрү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн