Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жаратылыш министрлиги Бишкектин четиндеги кирпич заводунун ишин токтотту

20.02.2024 12:20
148
Жаратылыш министрлиги Бишкектин четиндеги кирпич заводунун ишин токтотту


15-февралда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспектору тарабынан Сокулук районунун Жал айылындагы Верхний Орок тилкесинде жайгашкан "Орок кирпич заводу" ЖЧКсына текшерүү жүргүзүлгөн.

Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө мурда берилген укук бузууларды четтеттүү боюнча "Орок кирпич заводу" ЖЧКнын жетекчилиги пландан тышкары текшерүүнүн жүрүшүндө табылган укук бузуулар (6 пункттан турган) четтетилбегендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү жана укук бузуу иши боюнча 13 миң сом өлчөмүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарылды.

Ошентип, чан-газ тазалоочу орнотмолор орнотулганга чейин жана мурда белгиленген укук бузууларды четтетүүгө чейин "Орок кирпич заводу" ЖЧКнын ишмердиги убактылуу токтотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн