Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жаратылыш ресурстары министрлиги "Акун" ишканасына 28 миң сом айып салды

22.11.2023 17:38
226
Жаратылыш ресурстары министрлиги "Акун" ишканасына 28 миң сом айып салды


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан «Акун» ЖАК ишканасына 28 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, мекеме кызматкерлери 20-ноябрда социалдык тармактарда «Акун» жабык акционердик коомунун аймагында жайгашкан от казанынан коюу кара түтүн чыгып жаткан видеонун негизинде ишкананы пландан тышкаркы текшерүүгө алышкан. 


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бузуулар жөнүндө кодекстин 230-беренеси (атмосферага булгоочу заттарды чыгаруу тартибин бузуу) боюнча текшерүү актысы жана бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү.


Мыйзам бузуулар жоюлганга чейин от казандардын иши убактылуу токтотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн