Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жаратман адамдардын эмгегин туура баалоо мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө болот, - Туманбаев

27.04.2020 12:06
1347
Жаратман адамдардын эмгегин туура баалоо мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө болот, - Туманбаев


Белгилүү ишкер, меценат Каныбек Туманбаев Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз куттуктоосунда бул тармактын жамаатынын эмгегин жогору баалап, аларга жаркын маанай, мол ырыскы, бакыт-таалай каалаган. Төмөндө К.Туманбаевдин куттуктоосун сунуш кылабыз. 


- Урматтуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери!


Жалпыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Сиздер эң ириде адам укугу менен түздөн-түз байланышкан ары сыймыктуу, ары жооптуу милдетти аткарып келе жатасыздар. Жаңы ачылышка, ойлоп чыгарууга, илим, адабият, искусство чыгармаларына жана башка интеллектуалдык эмгектин үзүрүнө ээлик кылууну түздөн-түз көзөмөлдөп, коомдун жаратман катмарынын таламын талашып келесиздер. 


Биздин сүйүктүү Кыргызстаныбыз акырындык менен өнүгүү жолуна түшүп, сиздердин аракетиңиздер менен акыркы жылдары өнөрлүү инсандардын автордук укуктары корголуп, алардын эмгегинин акыбети кайтып жатканына элибиз күбө. Интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык маанидеги бир катар укуктук актыларды бекем сактап, жаңы өсүп келе жаткан чыгармачыл адамдарга кол сунууну колго алганыңыздарды да сезип келебиз. Мекенибизде жаңы ачылыштар болуп, жаратмандык менен иштеген инсандардын эмгегин туура баалоо мамлекеттин өнүгүшүнө түздөн-түз өбөлгө болот, чыгармачыл адамдарга шык берет. Муну сиздер эң жакшы түшүнүп, колдогу мүмкүнчүлүктү, жеке дараметиңиздерди болушунча колдонуп, чымырканып иштеп жатасыздар. Муну биз сөзсүз баалайбыз.


Сиздердин кесип мамлекетибиздин өнүгүшүнө да салым кошору айгине. Ар бир тармакта мыйзамдуулук сакталып, автордук укук корголуп турса, демек мамлекетте мыйзамдуулук жана тартип сакталат. Мыйзамдуулук жана тартип бар жерде өнүгүү-өсүү болот. 


Андыктан сиздердин ишиңиздерде ар дайым ийгилик болсун деп тилейбиз. Сүйүктүү мамлекетибиздин өнүгүшүнө биримдикте салым кошолу! Дениңиздер сак, маанайыңыздар ачык болсун. Үй-бүлөңүздөрдө мол ырыскы, бакыт-таалай жана ынтымак ыроолоп турсун. 


Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар кут болсун!


Урматым менен,                                                     Каныбек ТУМАНБАЕВ

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алымбек аксы
Алла ыраазы болсун Каныбек байке! Сиздин жардамды унутпайтыз.