Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:05
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жардам берүүгө даярмын, тоскоол болсом тынч эле Канадага кетейин. Тенгиз Бөлтүрүк президенттен ырайым сурады

27.02.2023 10:40
1444
Жардам берүүгө даярмын, тоскоол болсом тынч эле Канадага кетейин. Тенгиз Бөлтүрүк президенттен ырайым сурады



Абакта отурган Тенгиз Бөлтүрүктүн 14-февралда президентке жазган катын анын жактоочусу Кайсын Абакиров 27-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ал кетирген катачылыктары үчүн Садыр Жапаровдон кечирим сурап, жардам берүүсүн өтүнгөн. “Кумтөрдөгү” системалашкан коррупцияны толук жок кылууга алы жетпегенин, бирок өзү бул схемага аралашпаганын жазган.

Жумасына 75-80 саат иштесең да, баары бир “Кумтөрдүн” жана улуттук холдингдин (ред: - “Улуу көчмөндөр мурасы”) иштерин, кесиптештерди жалгыз көзөмөлдөгөнгө үлгүрбөдүм”, - деп жазылган катта.

Бөлтүрүк "өзүнө ишеним көрсөтүлсө, кызматташууга, өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатса, Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин" айткан.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" 2022-жылдын августунда текшере баштаган жана жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Тенгиз Бөлтүрүк баштаган айрым кызматкерлер сентябрда камалган.

Булак: "Азаттык" 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн