Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жардам катары чогулуп аткан акча 35 млн сом болду

26.03.2020 14:57
882
Жардам катары чогулуп аткан акча 35 млн сом болду


Өз ыктыяры менен коронавируска каршы күрөшүгө жардам берүүнү каалагандар тарабынан бүгүнкү күнгө карата 35 млн 294 миң сом чогулду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, учурда бул каражаттар Каржы министрлигинин эсебинде турат, алар “Айыл банк” жана “РСК банк” аркылуу чогулгандар.


Асрандиев кошумчалагандай, кээ бир жарандар, ишкерлер, бизнесмендер тарабынан да жардамдар келип жатат.


"Мындан тышкары башка банктар аркылуу да эсеп ачылышы мүмкүн, себеби дегенде жардам бере турган адамдарды белгилүү бир банкка же башка жерге салуусун талап кыла албайбыз. Ошондуктан башка да эсеп ачылышы мүмкүн", - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн