Учурда республиканын бардык аймактарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик резервден бөлүнгөн ун таркатылууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан муктаж үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө азык-түлүк жана коргонуучу каражаттар (кайрымдуулук уюмдары, ишкерлер, жеке жактар жардам көрсөтүшүүдө) жеткирилүүдө.
Мындан тышкары мамлекеттик органдардан, коомдук, кайрымдуулук уюмдарынан жана компаниялардан турган «Жардам штабы» түзүлгөн. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсеби ачылган, ага бул кыйын күндөрү көмөк көрсөтүүнү каалаган мамлекеттик жана жеке компаниялардан, жарандардан финансы каражаттары келип түшүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча «Жардам штабы» 49 245 муктаж адамга азык-түлүк түрүндө жардам берди. Волонтерлор күн сайын «1227» түз байланышы, WhatsApp 0558 526001 номуру, «Народный штаб — Биз барбыз» Telegram-каналы, «Жардам берем» мобилдик тиркемеси, Facebookтагы «Жардам штабы» социалдык баракчасы аркылуу кайрылган жарандарга азык-түлүк ташууда.
Жогоруда аталган каналдар аркылуу жарандардан «Жардам штабына» 210 779 кайрылуу келип түшкөн. Белгилей кетүүчү нерсе, камсыздалган үй-бүлөлөр да жардам сураган учурлар катталган. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик орган өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн тизмелер тыкыр талданууда. Себеби, гуманитардык жардам чындыгында көмөккө муктаж адамдарга жеткирилиши кажет.
Пикирлер (1)