Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

«Жардам штабы» муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүүнү улантууда (фото)

18.04.2020 17:25
1222
«Жардам штабы» муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүүнү улантууда (фото)


«Жардам штабы» бүгүнкү күндө 187 миң 922 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Аида Исмаилова Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

«Жардам штабынын» мүчөлөрү вице-премьер-министрге берилип жаткан жардамдардын жол-жобосу, арыздарды кабыл алуу шарттары тууралуу маалымат беришти. 

«Жардам штабы» 1227.tunduk.kg электрондук системасы, «1227» түз байланышы, «Народный штаб — Биз барбыз» Telegram-каналы, «Жардам берем» мобилдик тиркемеси, Facebookтагы «Жардам штабы» социалдык баракчасы аркылуу жарандардын кайрылууларын кабыл алууда. 

Аида Исмаилова калктын аярлуу катмарына жардамдарды даректүү жеткирүүдө штабдын ишинин натыйжалуулугуна токтолду. 

«Өкмөттүн өлкө аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча масштабдуу ишинде «Жардам штабынын» орду чоң. Мындай оор күндөрдө кайрымдуулук иретинде келип түшкөн жардамдарды чыныгы муктаждарга таратуу зарыл», - деди вице-премьер-министр. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине көмөк көрсөтүүнү каалаган мамлекеттик мекемелерден, жеке компаниялардан жана кайдыгер эмес жарандардан жалпысынан 13 млн 534 миң 796 сом келип түштү. Анын 12 млн 379 миң 996 сомуна калктын аярлуу катмарына азык-түлүк иретинде жардам берилди.  

Белгилей кетсек, «Жардам штабына» жашоо шарты дурус жарандар дагы кайрылган учурлар болгон. Ошондуктан штаб жергиликтүү бийлик менен биргеликте кайрылгандардын социалдык абалын аныктоодо.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ибрагимжан улуу исмаилжан
Мен оштон болом мен 2 група инвалитмын мага жардам керек азыр 8 айдан бери басалбае жатам адрес дыйкан кыштак чынгыз айтматов кочосу 2 уй телефон 0556 07 17 40
Жанылай
Мен оштон болом менин куйоом жок уйумжок ечнерсем куйоом мн ажырашып кеткемин коп болду балам 11 класста окуйт бироонун уйундо жашка жатам азыр радикулитмин белимде варикоз бар екибутумда оорнерсе кылалбайм башым ооруйт зоб бар 15жылдан ашкан магада социалдык жардам керек 0556444248