Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө өкмөт 9 млн сом бөлдү

16.04.2020 08:12
1246
Турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө өкмөт 9 млн сом бөлдү


9 млн сом турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүү үчүн багытталат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, тийиштүү чечим турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

 

Маалыматка таянсак, өзгөчө абал режими киргизилген калктуу конуштардагы кырдаалды эске алуу менен Ош шаарына 4 миллион сом, Нарын шаарына 1 миллион сом, Жалал-Абад шаарына 1 миллион сом, Сузак районуна 2 миллион сом жана Ноокат районуна 1 миллион сом гуманитардык көмөк көрсөтүү максатында тийиштүү чечим чыккан. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сатыбалдиева Сонун
Ушул аз камсыз болгон уйбулоолорго жетсе болду таныш билиш кыргызда коп