Бүгүн, 20-январда 24.kg жана Kaktus.media редакциясынын журналисттери эвакуацияланды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, редакциялардын кеңсесине жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери кызматкерлерди эвакуациялап, текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги бир нече мектептерде жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тараган. Бирок укук коргоо органдары мектептерден жардыруучу зат табылбагын билдирип, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн